Кыргызстанда капиталдык салымдардын көлөмү 3%га өстү

10.02.2023, 12:49 Акчабар
Кыргызстанда капиталдык салымдардын көлөмү 3%га өстү

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда капиталдык салымдардын көлөмү 3%га өстү. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын акыркы макроэкономикалык баяндамасында келтирилген.

Обзордун авторлорунун айтымында, инвестициялык активдүүлүк негизинен мамлекеттик сектор тарабынан каржыланган тармактарда өскөн. Тактап айтканда, эл аралык өнүктүрүү институттары каржылаган транспорттук инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, бюджеттин эсебинен мектептерди куруу тууралуу сөз болуп жатат.

"Мейманканаларды жана ресторандарды курууга капиталдык салымдар калктын жана ишканалардын эсебинен өстү", - дешет ЕӨБ аналитиктери.

Тэги: новости Кыргызстана ЕАБР капиталовложения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу