2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча клирингдик төлөмдөрдүн көлөмү 46,7 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, төлөмдөрдүн көлөмү 5,5% га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Отчеттук мезгил ичинде клирингдик төлөмдөрдүн саны дээрлик 1,9 млн транзакцияны түзгөн. Көрсөткүчтөр 9% га төмөндөгөн.
Мындан тышкары, дүң төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 976 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9% га төмөндөгөн.
Жалпысынан 141 миң төлөм жүргүзүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,7% га жогорулаган.