Өнөр-жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-март айларында 75 млрд сомду түзгөн

11.04.2020, 12:01 Акчабар
Өнөр-жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-март айларында 75 млрд сомду түзгөн

2020-жылдын январь-март айларында өнөр-жайда өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 75 млрд сомду түзгөн. 2019-жылдын январь-март айына салыштырмалуу 0.6% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет. 

Өндүрүлгөн өнөр-жай продукциясынын жогорулашы кийим-кече өндүрүшүнүн - 19.7%, текстиль - 15.4%, тоо-кен казып алуунун көлөмү - 16.1%, металл өндүрүмү - 7.5%, тамак-аш продукциясы - 4.3% өскөнү менен шарттуу болгон. 

Айыл-чарбасында 1.4%, дүң жана чекене соодада - 4.9% өсүш катталган. Курулуш тармагы - 2.6% төмөндөгөн. 

 

 

Тэги: промышленность экономика Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу