КФБнын экинчилик рыногунда бүтүмдөрдүн көлөмү бир млн долларды түздү

09.11.2022, 12:10 Акчабар
КФБнын экинчилик рыногунда бүтүмдөрдүн көлөмү бир млн долларды түздү

Октябрь айында Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда 80,8 миллион сомго же 984 миң 159 долларга (октябрь айынын орточо курсу боюнча) 48 бүтүм катталган.

Эң ири бүтүмдөр “Машина сыноочу станциясы” ААКнын жөнөкөй акциялары менен түзүлдү. Бул бир айлык сооданын 91,63%ын түздү. Бүтүмдөрдүн көлөмү 74 миллион 40 миң сомду түздү, бир нускасы 1 сомдон.

Мындан тышкары, стратегиялык компаниялардын акциялары менен жалпы суммасы 4 млн 60 миң сомдук 19 бүтүм жасалган. Анын ичинен “Кыргызтелекомдун” 160 миң сомго, “Манас” эл аралык аэропорту 730 миң сомго, “ТНК Дастан” 50 миң сомго жана “Кыргызнефтегаз” 3 миллион 120 миң сомго акциялары менен.

“Динамиканы “Манас” аэропортунун баалуу кагаздары көрсөттү, алардын баасы октябрь айында 580-649,9 сомду түздү. Өсүштү “Кыргызтелекомдун” акциялары 3,5 сомго (+0,2 сом) чейин көрсөттү. “ТНК Дастан” ишканасынын баасы мурдагыдай эле, бир акция үчүн 200 сом”, - деп айтылат Кыргыз фондулук биржасынын аналитиктери.

“Баркад” ЖЧКсынын жана “Биринчи Металбаза” ЖЧКсынын корпоративдик облигациялары менен да бүтүмдөр катталган. Бүтүмдөрдүн жалпы суммасы 1 млн 460 миң сомду түзүп, баалуу кагаздар номиналдык баада соодаланган.

 

Тэги: новости Кыргызстана фондовый рынок КФБ акции деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу