Кытай менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү быйыл 200 млрд доллардан ашышы мүмкүн

22.11.2022, 09:38 Акчабар
Кытай менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү быйыл 200 млрд доллардан ашышы мүмкүн

Быйыл Кытайдын үлүшү үчүнчү өлкөлөрдөн келген жалпы импорттон 35% ашты жана жалпы экспорттун дээрлик 16% түзөт. Бул тууралуу 1-декабрга белгиленген Евразия экономикалык биримдиги менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу келишимин ишке ашыруу боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынынын алдында айтылды.  Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди. 

Андрей Слепнев Кытай ЕАЭБдин негизги соода өнөктөшү экендигин, анын биримдик менен соодадагы позициялары акыркы мезгилде бир топ  бекемделгенин белгиледи. 

МААЛЫМАТ

Учурда ЕАЭБдин жалпы Кытай менен соода жүгүртүүсү дээрлик 30%га өстү. Экспорт болжол менен 40%, импорт 20% өстү. Ошону менен бирге, Евразия экономикалык комиссиясынын жети айлык статистикасына ылайык, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине ЕАЭБдин Кытай менен соодадагы чакан соода дефицити быйылкы жылы олуттуу профицитке өзгөргөн. 
Биримдиктин мамлекеттеринин ичинен Кытайдан импорттоодо эң чоң үлүштү Орусияга (80%дан ашык) таандык. Казакстандын үлүшү – 10%, Кыргызстандыкы – 4%, Беларусияныкы– 3%дан бир аз ашты. Экспортто Орусия дагы 85% көрсөткүч менен эң чоң үлүштү ээлейт.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика ЕАЭС внешняя торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу