2019-жылдын 8 айында бюджеттер аралык трансферттердин көлөмү 1,6 млрд. сомду түздү

24.09.2019, 11:00 Акчабар
2019-жылдын 8 айында бюджеттер аралык трансферттердин көлөмү 1,6 млрд. сомду түздү

2019-жылдын январь-август айлары аралыгында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд. 633 млн. 278,0 миң сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүнүп берилди, анын ичинде теңдөөчү трансферттерди каржылоого факт жүзүндө 1 млрд. 341 млн. 318,8 миң сом, максаттуу трансферттерди каржылоого факт жүзүндө 291 млн. 959,2 миң сом сарпталды.

Түшүндүрмө катары кыстара кетсек, теңдештирүүчү трансферттер – жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлинин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Максаттуу трансферттер – белгилүү бир максаттарга бир бюджеттик деңгээлден башка бюджетке берилүүчү каражаттар. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер:

- бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кирешелердин каржылык айырмасын же түшүп калуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында пайда болгон жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринде кошумча чыгашаларды же жоготууларды компенсациялоого;

- мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоого;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыз кылууга берилет.

 

Тэги: Минфин КР бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу