Токтогулдагы суунун көлөмү 2,9 млрд куб метрге азайды

03.11.2021, 15:17 Акчабар
Токтогулдагы суунун көлөмү 2,9 млрд куб метрге азайды

Күз-кыш мезгилинин башына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 миллиард метр кубга аз болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд кубометрди түздү.

"Ал эми суу сактагычтын суу ресурстарын сактап калуу жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек ЖЭБине жүктөмдү жогорулатуу жана Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын өз ара камсыздоо пландалууда", - деди Талайбек Байгазиев.

Тэги: Токтогульское водохранилище объем воды электроэнергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу