Быйылкы жылдын 11 айынын жыйынтыгында Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 781 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал ошондой эле өнөр жай ишканалары дээрлик 383 миллиард сомдук продукция өндүргөнүн белгиледи.
“2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 14%га өстү”, - деп кошумчалады Амангелдиев.