Ушул жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 2 миллиард 47 миллион 445,2 миң долларды түздү, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, өз ара соода 1 миллиард 628 миллион 99,9 миң долларга бааланганда, өсүш 25,75%ды түздү.
Белгилей кетсек, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен өз ара жеткирүүлөрдүн өсүшү байкалган.