Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ЕАЭС мамлекеттеринин дүң соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 трлн 16 млрд $ түзгөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, 4.5% жогорулаган. Бул тууралуу ЕЭК билдирет.
Комиссиянын берген маалыматына ылайык, Орусияда сооданын көлөмү 932.3 млрд $ (91.7%) жеткен. Казакстандыкы - 7.8% (46.1 млрд $) жана Белорусияныкы - 34 млрд $, Арменияныкы - 2.3 млрд $ түзгөн.
Кыргызстан дүңүнөн сатуу боюнча ЕАЭСтин ичинен 0.2% (1.6 млрд $) ээлейт.