БШК шайлоодо COVID-19дан коргонууга 15 млн сом коротот

30.09.2021, 09:22 Акчабар
БШК шайлоодо COVID-19дан коргонууга 15 млн сом коротот

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Жалпысынан АШКнын мүчөлөрүн шайлоодо жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо бюджетке 7 миллион 279 миң сомду түзөт. Бул акчага төмөнкү буюмдарды сатып алуу пландалууда:

  • 951 миң сомго 63,4 миң маска-респиратор, ар бири 15 сом.
  • 2,8 миллион сомго 8 миң комбинезон, ар бири 350 сом.
  • 3 миллион 528 миң сомго 126 миң жуп кол кап, бир жуп үчүн 28 сом.

Мындан тышкары, БШК 7,8 миллион сомго шайлоочулар үчүн дезинфекциялоочу каражаттарды, салфеткаларды жана беткаптарды сатып алат.

Эске салсак, 28-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

 

Тэги: ЦИК госзакупки бюджет деньги СИЗ COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу