ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 3,6%га өстү

26.08.2022, 11:07 Акчабар
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 3,6%га өстү

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегация башчыларын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

“Кыргыз Республикасы өзүнүн төрагалыгынын алкагында Биримдик өлкөлөрүнүн интеграциясы боюнча активдүү иш алып барууда. Биз кабыл алган чечимдердин жана алардын аткарылышынын жыйынтыгы менен биримдикте экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана сооданын туруктуу өсүшүн сактап калууга болот”, - деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жалпы ИДПсы 3,6% өстү. Мындан тышкары, өнөр жайдын көрсөткүчтөрү 1,8%га, ал эми айыл чарбасы 1,6%га өскөн, ошондой эле негизги капиталга инвестициянын көрсөткүчтөрү 1,1%га жогорулаган.

Жети айдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсынын өсүү тенденциясы уланууда. Алсак, реалдуу өсүү темпи 107,7%ды түзүп, көлөмү 425 млрд сом өлчөмүндө түзүлдү.

2022-жылдын алты айында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 5 миллиард долларга жакынды түзүп, 25,4%га өстү. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын өсүшү 34%ды түздү, ал эми экспорт 69%га, импорт 23%га жогорулады.

Тэги: экономика ЕАЭС Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу