«Октябрь» кинотеатры «Синематика» түйүнүндө биринчи болуп кирген. Эми ал бул түйүндөн чыгарылганын компания социалдык тармакта жарыялады.
««Октябрь» кинотеатры менен болгон келишим 1-марттан тарта аяктап жаткандыгына байланыштуу, ал «Синематика» тармагына кирбейт»— деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетели дал ушул кинотеатр түйүндүн жаралышын негиздеген. 2005 -жылы июнь айында «Октябрь» кинотеатры реконструкция жасалып, кайрадан ачылган. Жалпысынан ал бүл түйүндө 14-жыл болгон.
««Октябрь» кинотеатры иштебей калбайт, бирок алар өзүнчө иш алып барат»— деп кошумчаланган маалыматта.