Өкмөт: Ат-Башынын тургундарына жөлөк пул берилбейт деген маалымат калп

19.02.2020, 16:30 Акчабар
Өкмөт: Ат-Башынын тургундарына жөлөк пул берилбейт деген маалымат калп

Бийик тоолуу райондордун, анын ичинде Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпулдар төлөнбөй калуусу мүмкүн экендиги тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Өкмөтү мындай чечимдерди демилгелеген эмес.

«Бул сыяктуу акылга сыйбаган имиштер белгилүү бир саясий чөйрөлөр аркылуу өздөрүнүн конъюктуралык кызыкчылыктарын көздөп жайылтылууда деп эсептейбиз», — дейт өкмөт.

Белгилей кетсек, өкмөт Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушу боюнча кытай инвестору менен келишимди токтотту. 

 

 

 

Тэги: Өкмөт жөлөк пул Ат-Башы тургундары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу