Өкмөттүн 5-майга карата тараткан гуманитардык жардамы тууралуу маалымат

05.05.2020, 16:35 Акчабар
Өкмөттүн 5-майга карата тараткан гуманитардык жардамы тууралуу маалымат

Өлкө аймактарында калктын аз камсыз болгон аярлуу катмарына 2020-жылдын 5-майына карата берилген жардамдар тууралуу маалымат. 

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча муктаж 91 681 үй-бүлөгө жардам катары 827,86 тонна ун, 142,2 тонна макарон, 120 795 литр өсүмдүк майы, 176,1 тонна күрүч, 158,8 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 12144,5 кг чай, 86574 кг буурчак, 16 596 кг гречка, 10 543 кг китлап, 448 кг эт, 30 050 коюлтулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 1447 кг туз берилди.

 

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 056 326,53 сом түздү.

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыкта текшерген термометр, 90485 бет кап, 2 925 респиратор, 1220 бет жапкыч, 40 058 кол кап, 1270 литр антисептик, 1 714 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 5 374 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 9 105 даана буткап (бахилы) берилди.

 

Ош шаары

Шаар боюнча муктаж 48025 үй-бүлөгө жардам катары 342 тонна ун, 54000кг макарон, 45200 л өсүмдүк майы, 41800 кг күрүч, 41100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди.

 

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 461,8 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,9 тонна хлор, 137 200 даана беткап, 2 700 л антисептик, 9 000 даана коргоо костюмдары, 32 500 даана кол каптар берилди.

 

Ош облусу

Облус боюнча муктаж 101777 үй-бүлөгө жардам катары 3026 тонна 940 кг ун берилсе, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекетттик материалдык резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, 59тонна 492 кг макарон, 134 тонна 748 литр өсүмдүк майы, 62 тонна 537 кг күрүч, 37 тонна 808 кг кумшекер, 8 тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг картошка берилди.

 

Анын ичинен жеке тараптардан 51 238 үй- бүлөгө, материалдык резерв фондунан 36 727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

 

Республикалык бюджеттен Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районундагы жардамга муктаж 10 615 үй-бүлөгө 8 млн 492 миң сом бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп, 1250 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы жасалып, жалпысысынан 11 865 үй-бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоо костюму, 380 080 даана кол кап, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

 

Чүй облусу

Чүй облусу боюнча муктаж 55019 үй-бүлөгө жардам катары 1134,28 тонна ун, 104389,5 кг макарон, 103538 литр өсүмдүк майы, 75806,1 кг күрүч, 311821 кг кумшекер, 4061 кг эт, 30561 кг картөшкө, пияз, сабиз мындан тышкары, 6935 кг буурчак, 10005 пачка чай таркатылды.

 

Финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366 000 (үч жүз алтымыш алты миң) сомду түздү.

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 38231,0 кг хлор, 157828 даана маска жана распираторлор, 3719 даана коргоо костюмдары, 69477 даана кол кап, 943 даана атайын көз айнек, 8108 литр антисептиктер, 101 даана тепловизор/термометр жана 16663 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

 

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча жардамга муктаж 85947 үй-бүлөгө жардам катары 3033,155 тонна ун, 102365 кг макарон, 132112,5 литр өсүмдүк майы, 93258 кг күрүч, 35876 кг кумшекер, 3903,8 кг эт, 82378 кг картошка берилди.

 

Областа чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 16899438 сомду түздү.   

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 35 тонна 632 кг хлор, 348096 даана беткап, 9148 литр антисептик, 5213 даана коргоо костюмдары, 52530 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди.

 

Мындан сырткары, область боюнча Сузак районундагы, Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларындагы 22973 жардамга муктаж үй-бүлөгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 18378400 сом акча каражатына азык-түлүк пакеттери даярдалып, таркатылды.

 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Сузак районундагы 2500, Жалал-Абад шаарындагы 1250 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттери жасалып, таркатылды. Областын аймагындагы жардамга муктаж 8813 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 9749745 сом акча каражаты сарпталды.

 

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж 21584 үй-бүлөгө жардам катары 1308,6 тонна ун, 36564 кг макарон, 45277 л өсүмдүк майы, 19720 кг күрүч, 14163 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди.

 

Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн сомду түздү.  

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93537 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1855 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол кап берилди.

 

Ысык-Көл облусу

Аймактагы муктаж 31 мин 999 үй-бүлөгө жардам катары 646 тонна 830 кг ун, 98 тонна 990 кг макарон, 85 тонна 604 литр өсүмдүк майы, 31т 883 кг күрүч, 38 тонна 360 кг кумшекер, 1692,5 кг эт, 12 тонна 813 кг картошка берилди.

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12716 кг, хлор 118239 даана беткап, 6878 л антисептик, 4149 даана коргоо костюмдары, 210293 даана кол кап берилди.

 

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж 24 567 үй-бүлөгө жардам катары 790 тонна 600 кг ун, 40 тонна 843 кг макарон, 32 861 литр өсүмдүк майы, 18 тонна 248 кг күрүч, 25 тонна 60 кг кумшекер, 3 тонна 115 кг эт, 1 226,8 кг чай жана 276 500 сом акчалай берилди.

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 8тонна 035,5 кг хлор, 119 977 даана беткап, 3 куб 383,3 л антисептик, 19 290 даана кол каптар берилди.

 

Талас облусу

Облус боюнча муктаж 11 708 үй-бүлөгө жардам катары 534,15 тонна ун, 5229 кг макарон, 4768 л өсүмдүк майы, 5564 кг күрүч, 1586 кг кумшекер, 998 кг эт, 100 пачка чай берилди.

 

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 097,8 миң сомду түздү.  

 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 83800 даана беткап, 1643 литр антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол кап берилди.

Тэги: Өкмөт гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу