Депутат: Коммерциялык банктар насыянын төлөө мөөнөтүн узартса, алар салыкты кантип төлөшөт?

18.03.2020, 11:00 Акчабар
Депутат: Коммерциялык банктар насыянын төлөө мөөнөтүн узартса, алар салыкты кантип төлөшөт?

«Учурда киреше түшүүчү булактар жабылды. Бирок, карыздарды төлөп жатабыз», - деп билдирди ЖК дептаты Умбеталы Кыдыралиев пленардык жыйындын жүрүшүндө. 

Анын айтымында, Мамлекеттик казына векселдердин жана Мамлекеттик казына векселдердин пайыздарына кетип жатат. «Бюджетниктерге, пенсионерлерге кайсы каражаттардан төлөйбүз?  Республшикалык штаб ишти биринчи банк тармагынан баштоосу керек болчу», - деп айтты депутат. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков депутаттын бул суроосуна,  аталган маселе боюнча өкмөт маалыматты эртең берерин билдирди. 

«Коммерциялык банктар насыянын төлөө мөөнөтүн узартууга даяр. Бирок, алар дагы жоготууга кабыларын айтып жатышат. Алар дагы эмне болот? Алар дагы мамлекеттин бюджетине кантип салык төлөшөт? Бул боюнча бүгүнкү күгндө суйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп айтты Дастан Жумабеков. 


 

Тэги: Өкмөт Депутат киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу