Өкмөттүн бюджетке 7 млрд сом киреше алып келе туруучу резервдик планы бар

17.03.2020, 14:50 Акчабар
Өкмөттүн бюджетке 7 млрд сом киреше алып келе туруучу резервдик планы бар

Бюджетке кошумча 7 млрд сом түшө турчу өкмөттүн резервдик планы бар. Бул тууралуу 16-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча отчетун берип жатып, билдирди. 

Андан сырткары, Эркин Асрандиев республикалык штабда эки план түзүлгөнүн кошумчалады. 

«Бир план абалга жараша бекитилген. Андан сырткары, коронавирус оорусу экономикага дагы терс таасири тийип жаткандыктан, бюджетке түшкөн киреше булактардын саны азайууда. Буга байланыштуу кирешелердин кошумча резервдик булактары үчүн өзүнчө 6,9 млрд сомду камтыган, 23 пунктан турган план иштелип чыккан. Биз ушул жагын карап жатабыз. Ишкерлик, салык жана социалдык төлөм боюнча дагы карайбыз», - деп айтты Э. Асрандиев. 

Жыйын учурунда депутат Улан Примов бажы төлөмдөрү боюнча чоң жоготуулар болуп жатканын айтып, экономика министрлиги буга өзгөчө көңүл буруп, план иштеп чыгуу керек деген пикирин билдирди. 
 

 

Тэги: Өкмөт резервдик план

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу