Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чектөөлөрдү киргизет

31.03.2020, 11:30 Акчабар
Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чектөөлөрдү киргизет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын таралышына байланыштуу мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген планынын натыйжасы боюнча кризиске каршы биринчи кезектеги чаралар боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргыз Республикасынын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болуп саналаган өлкөлөрдө, Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасынын экономикасы туш болгон кыйынчылыктар ата мекендик экономикага таасир этпей койбойт.

«Учурда кризиске каршы ыкчам чаралар менен катар эле экономиканы калыбына келтирүү боюнча иш аракеттердин системалуу планы жана дем берүүчү программалар иштелип чыгууда. Ал чакан жана орто ишкерликти колдоого, ата мекендик бизнес үчүн фискалдык стимулдарды жана насыялоочу жеңилдетилген программаларды иштеп чыгууга, ошондой эле кризистен кийин калыбына келүү мезгилинде ишканалардын финансылык жактан жандануусуна багытталган. Биз бизнести колдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү максималдуу түрдө пайдаланабыз. Тилекке каршы, бизде башка өлкөлөр сыяктуу финансылык жактан колдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрбүз жок. Бирок биз тараптан өзгөчө абал алынгандан кийин бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга каржылык жана салыктык жеңилдиктер аркылуу максималдуу түрдө жардам берилет», - деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал учурда өлкөнүн экономикасы оор кырдаалда турганын белгилеп өттү.

«2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында экономикалык кырдаал турукташкан шартта дагы өлкө бюджетине аз дегенде 28 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү бүт дүйнө кошумча каржылоону издеп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин 2020-жылы АКШ бюджетти колдоого 120 млн АКШ долларын бөлүү чечимин кабыл алды. Ата мекендик экономиканы калыбына келтирүү жана кризисти жеңүү программаларын даярдоо боюнча башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Муну менен бирге биз жарандардын саламаттыгы, коомдук коопсуздук үчүн, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, санариптештирүү жана башка мамлекеттик маанилүү маселелерде зарыл болгондон тышкары товарларга, иштерге жана кызматтарга мамлекеттик сатып алууларды жарыялоого убактылуу чектөө киргизүү чечимин кабыл алдык», - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы эске салгандай, Кытай Эл Республикасы коронавирус эпидемиясы аяктагандыгын жана өлкөдө карантиндик иш-чаралар кыскаргандыгын расмий жарыялады.

«Бул жакынкы мезгилдерде товарларды ташуу үчүн чек араны ача алабыз деп эсептөөгө шарт түзөт. Албетте, бардык санитардык жана карантиндик иш-чараларды сактоо менен. Ар бир кризистин башталышы жана аягы бар. Баарыбыз биргеликте бул кыйынчылыктарды өтөбүз жана экономикабызды калыбына келтиребиз деп ишенем», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тэги: Өкмөт товарлар жана кызматтар чектөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу