Кыргызстандыктар 2020-жылдын октябрь айында 1 млрд 286 млн 78 мин киловатт-саат электр энергия колдонушкан. Бул тууралуу ААК «Кыргызстан Улуттук электр тармагынан» билдиришти.
[news 29646]
2019-жылдын ушул эле мезгилинде 1 млрд 77 млн 917 миң киловатт-саат электр энергия колдонулган.
Белгилей кетсек, октябрь айында электр энергия сентябрга салыштырмалуу көп колдонулган. Сентябрда 856 млн 23 миң киловатт-саат электр энергия иштетилген.