Октябрь районунун салык төлөөчүлөрү тарабынан бюджетке дээрлик 625 млн сом түшкөн

28.08.2020, 17:30 Акчабар
Октябрь районунун салык төлөөчүлөрү тарабынан бюджетке дээрлик 625 млн сом түшкөн

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу салык төлөөчүлөрү тарабынан жергиликтүү бюджетке 625 млн 117 миң сом киреше түшкөн. Муну менен катар планды жабууга дагы  14.4% жетпей калган. Бул тууралуу райондук штабдын жыйынында маалым болду. 

Жалпысынан 730 млн 768.8 миң сом салык жыйналары күтүлгөн. Коюлган план менен чогулган каражаттын ортосундагы айырма 104.9 млн сомду түзгөн. 

 

«Райондун салык кызматы жерге жана мүлккө болгон салыкты чогултуу боюнча иштерди жүргүзө беришмекчи», - деп жазылат маалыматта.  

 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында транспорт салыгын төлөө мөөнөтү, 2-сентябрда турак үйлөр, батирлер жана жер участоктору үчүн салыкты төлөө мөөнөтү аяктайт. 

Тэги: Октябрь району салык төлөөчүлөрү бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу