1-октябрдан тарта каттоодон өтө элек электрондук капчыкты тейлөөгө тыюу салынат

25.08.2020, 10:05 Акчабар
1-октябрдан тарта каттоодон өтө элек электрондук капчыкты тейлөөгө тыюу салынат

2020-жылдын 1-октябрынан тарта Улуттук банк чыгарган мыйзамга ылайык, каттоодон өтө элек электрондук капчыкты тейлөөгө тыюу салынат.Бул тууралуу  республиканын башкы регулятору маалымдады. 

 

Муну менен катар бардык финансы-насыя уюмдарга белгиленген мөөнөткө чейин бардык электрондук капчыктарды каттоодон өткөрүү тууралуу айтылган.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2.8 млн электрондук капчык ачылган. Бул 2020-жылдын I кварталына салыштырмалуу 21.3% көп. Анын ичинен 15.2% гана каттоодон өткөн», — деп маалымдашты  «Акчабарга» Улуттук банктан.

 

Кошумчалай кетсек, II кварталдын жыйынтыгындагы маалыматка ылайык, жети коммерциялык банк тарабынан электрондук капчык жана он бир локалдык электрондук эсептешүү тутуму  иштейт. («Элсом», «Мобильник Деньги», Umai.kg, «Компаньон», «Илбирс», Mbank Online, «Алтын», «Аманат.кг», Balance, MegaPay, «O!Деньги»), анын ичинен 2019-жылдын II кварталынан тарта электрондук акчаны алуу (сатып алуу) функциялары жүзөгө ашырылган.

 

Тэги: электрондук капчык коммерциялык банк Улуттук банк регулятор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу