Токио Олимпиадасынын баасы 28 миллиард долларга жетиши мүмкүн. MoneyTransfers.com изилдөөсү боюнча уюштуруучулар башында 7,3 миллиард доллар сарпталат деп күтүшкөн.
Буга чейин The Economist чыгымдар орточо эсеп менен 175% га жогору экенин билдирген.
Муну менен Токиодогу оюндар Олимпиаданын тарыхындагы эң кымбат болуп калышы мүмкүн экени айтылууда.