Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары, 2021-жылдагы иш-чараны өткөрүү үчүн кошумча 960 млн доллар коротушат. Бул тууралуу Kyodo порталы билдирди.
Оюндун баштапкы бюджети 12.3 млрд долларды түзгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу оюн 2020-жылдан 2021-жылга жылдырылган. Азыркы учурда сметанын көлөмү 15 млрд доллардан ашты.
Олимпиада оюндарын 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүү пландалууда. Официалдуу түрдө «Токио-2020» деп аталат.