Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сыйлык берүү сунушталууда

15.02.2023, 16:21 Акчабар
Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сыйлык берүү сунушталууда

Бүгүн парламент жыйынында Олимпиада, Паралимпиада жана Азия оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушу каралды. Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.  

Жыйында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов мыйзам долбоорунда чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммалары, машыктыруучу жана дарыгерлерге бөлүштүрүлүүчү каражаттын пайыздарын аныктоо сунушталып жатканын белгиледи. 

“Спортчунун акчалай сый акысынын суммасынан башкы машыктыруучуга - 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга - 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге - 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу