Өлкө башчы айлык акыны жогорулата берерин убадалады

20.02.2020, 17:45 Акчабар
Өлкө башчы айлык акыны жогорулата берерин убадалады

Айлык маяналарды жогорулатууга бюджеттен жалпысынан 14 млрд сом сарпталган.  Бул көрсөткүч  өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен баса белгилөөгө татыктуу. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда  президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда катышып жатып билдирди.

Өлкө башчы үй-бүлөлүк дарыгерлер менен мугалимдердин айлык акысы орточо эсеп менен 30 пайызга  жогорулаганын эске салды.

«Азыркы учурда ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды колдоо боюнча пособиенин өлчөмү 3 миң сомдон 4 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул категориядагы балдардын ата-энелерине 2019-жылдан тарта айлык акы төлөнө баштады»,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле президент акысыз гемодиализ менен камсыздоо үчүн акыркы эки жылда 1 млрд 600 млн сом бөлүнгөндүгүн эске салды.

«Тейлөө жамаатынын кичүү курамынын айлык акысы эки эсеге, «улуттук» статустагы маданият мекемелеринин кызматкерлеринин акысы 80 пайызга, катардагы милиция кызматкерлериники 40 пайызга, ал эми контракттагы аскер кызматкерлеринин маянасы 30 пайызга көбөйгөн. Аскер жаңы турак жай, социалдык объектилер, застава жана техника менен камсыздалууда»,-деп кошумчалап, Сооронбай Жээнбеков айлык акыны жогорулатуу улана тургандыгын белгиледи.

Тэги: айлык акы жогорулоо Президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу