2020-жылы онлайн-оюн жана дүкөндөргө кыргызстандыктар 541 млн сом коротушкан

14.10.2020, 13:20 Акчабар
2020-жылы онлайн-оюн жана дүкөндөргө кыргызстандыктар 541 млн сом коротушкан

2020-жылдын январь-июнь айларында кыргызстандыктар онлайн-магазин, оюн жана социалдык тармакка 418 миң операция жүргүзүшүп, 541 млн сом коротушкан. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Регулятордун айтымында, I кварталда интернет тармактарындагы төлөм 283 млн сомго жеткен. 

II кварталда төлөмдөрдүн суммасы 258 млн сомго жеткен. Анын ичинен: 

  • интернет-дүкөндөр – 177 млн;
  • онлайн-оюндар – 39 млн сом;
  • онлайн тиркемедеги эсеп – 38.2 млн;
  • социалдык тармак – 3.4 млн сом.

Белгилей кетүүчү нерсе 2020-жылдын I жарым жылдыгында кыргызстандыктар төлөм терминалдары аркылуу 72.4 млн операция жүргүзүшүп, 19.4 млрд сом которушкан. 

Тэги: терминал төлөм операция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу