Open Data. Бизнес үчүн керекпи?

22.05.2019, 10:25 Акчабар
Open Data. Бизнес үчүн керекпи?

Бишкекте  DataCon Central Asia – 2019 аталышындагы эл аралык конференция өттү. Анда Маалыматтык техналогиялар менен байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кубанычбек Шатемиров мамлекеттик ачык маалыматтар порталынын артыкчылыктары тууралуу айтып берди. 

«Ачык маалыматтар – бул жарыя кылууга болучу ачык маалыматтар берилет. Андан ары иштетилип, салыштырылып жарыяланса болот», – деп түшүндурдү ал. 

Мамлекеттик кызматкер бизнес өкүлдөрүнө ачык маалыматтар кандайча жардам берери тууралуу түшүндүрүп берди. 

«Мисалы саламаттык сактоо боюнча маалыматтарда жайгашкан жери, саны,  калкты тейлөөсү баары ачык жазылат. Бул маалыматтарды талдап туруп, кайсыл аймакта кандай багыттагы саламаттыкты сактоо боюнча уюм ачууга болоорун көрсө болот. Ошондой эле, билим берүү боюнча маалыматтар жыйналат. Мындан тышкары, юридикалык жактардын ишмердиги, бизнес-репутациялары тууралуу маалыматтар ачкы берилет», – деп билдирди Шатемиров.

 Osoo.kg Финансы министрлигинин, Мамлекеттик сатып алуулар менен Юстиция Министрлигинин ачык маалыматтарын талдап чыгып, юридикалык компаниялар тууралуу портфолио түзүп, анда канча салык төлөгөнү, кайсыл мамлекеттик сатып алууга катышканы, уюштуруучулары ким деген маалыматтарды топтошот. 

«Ушундай негизде маалыматтар иштелип, бизнеске керектүү информация берилет. Алсак, сиздин үйүңүздүн жанында бала бакчалар тууралуу  маалыматтар ачык маалыматтарда  анын бюджети, кезекке тургандар тууралуу маалымаиттар чогултиулуп, рейтинг түзүлөт. Жогорудагы маалыматтарды талдап туруп, бизнес андан акча табууга план түзсө болот», – деп билдирди  Шатемиров.

Учурда ачык мааллыматтарды чыгарууга мыйзам жол берет. 

«Бул өз алдынча түзүм. Электрондук башкаруу боюнча ачык портал иштелүүдө. Жыл аягына чейин ачык маалыматтар порталы ачылып, анда маалыматтарды жаныртып туруу үчүн министрликтер менен ведмстволор бекитиле. Жакын арада тестик  режимде иштей баштайбыз», –деп кошумчалады ал. 

Тэги: открытые данные цифровизация open data бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу