Кыргызстанда наксыз төлөмдун үлүшүн көбөйтүү керек. Мамлекеттик кызматтардын акысын накталай төлөө – коррупцияга жол ачат. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Марат Аманкулов билдирди.
Анын айтымында, транспорт тармагында баары ачык-айкын болуш керек. Анын бирден –бир жолу төлөө терминалдарын транспорт министрлигинин текшерүү пунктарына орнотуу керек деген сунушун берди.