«Оптима Банктын» таза кирешеси 797 млн сомду түздү

07.04.2021, 10:00 Акчабар
«Оптима Банктын» таза кирешеси 797 млн сомду түздү

2020-жылдын жыйынтыгы менен «Оптима Банк» 797 млн 84 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу 30-мартта өткөн жалпы жылдык жыйында маалым болду. 

 

Жалпы добуш берүүдө акционерлер таза кирешени бөлүштүрбөөнү чечишти. 

«Мыйзам жана ченемдик талаптарды сактоо, ошондой эле бизнести андан ары өнүктүрүү максатында түшкөн таза кирешенин көлөмү 797 млн 84 миң сомду түздү. 2020-жылдын жыйынтыгы менен дивиденддерди бөлүштүрбөө, жарыялабоо жана төлөбөө чечими кабыл алынды», — деп билдиришти банктан. 

 

Эске сала кетсек, 2021-жылдын январь айынан тарта банктын башкаруу тармагында кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Казакстандык  Jýsan Банкы 2020-жылдын аягында «Оптима Банкка» караштуу АТФ Банктын 99.76% акциясын ээлеген. 

 

Тэги: Оптима Банк сом киреше таза киреше Jýsan Банк бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу