Орусия аймагына кирип жаткандар эми эки жумалык изоляцияга алынбайт

14.07.2020, 11:00 Акчабар
Орусия аймагына кирип жаткандар эми эки жумалык изоляцияга алынбайт

15-июлдан тарта Орусиянын аймагына кирип жаткандарды 14 күндүк милдеттүү изоляцияга алуу токтотулат. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысынын токтомуна таянып, РБК порталы жазып чыкты.

Бирок, өлкө аймагына кирип жаткандарда алар коронавируска тест тапшыргандыгы, жана анын жыйынтыгы терс көрсөткөндүгүн тастыктаган документ болуусу зарыл.

«Чет элдик жаран Орусиянын аймагына кирерден 3 күн мурун полимераздык чынжырчалык реакция методу аркылуу өткөн тестинин көрсөтмөсүн, же организминде иммуноглобулин G антинерселеринин бар экендигин көрсөткөн документин көрсөтө алат»,-деп айтылат маалыматта.

Эгерде чет элдик жарандын аталган документтери жок болсо, ал аны Орусиянын аймагында 3 күндүн ичинде тапшырууга милдеттүү болот. Тестирлөө келген жарандын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

«Ушундай эле талаптар өз мекенине кайтууну каалаган орусиялыктарга дагы коюлат. Эгерде алардын тести оң болуп чыкса, алар айыгып, тести кайрадан терс чыккан убакытка чейин жашаган жерине изоляцияга кетүүгө керек болот».

Тэги: коронавирус Кыргызстан - Орусия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу