ЕАЭБдин ичинен эң төмөн айлык акы Кыргызстандыкы болгон

21.02.2020, 09:30 Акчабар
ЕАЭБдин ичинен эң төмөн айлык акы Кыргызстандыкы болгон

2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин баардыгында айлык акынын жогорулашы байкалган. Айлыктын көлөмү Казакстанда 15,27 пайызга көтөрүлүп, башка мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү берген. Ал эми Беларусияда– 13,3 пайызга жана Арменияда – 5,8 пайызга көтөрүлгөн. 

Белгилей кетсек, былтыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөрү ортосунда айлык акынын дифференциясы сакталган. Эң бийик айлык акы (Орусия 722 доллар) менен эң төмөн (Кыргызстан 233 доллар) ортосундагы айырма үч эсе болгон.

ЕАЭБге мүчө кээ бир мамлекеттерде борбор калаадагы айлык акынын өлчөмү жалпы өлкө боюнча айлык акынын деңгээлинен кыйла жогору болгондугу байкалган: Орусияда 92,8 пайыз, Казакстанда – 51,7 пайыз, Беларуста -40,01 пайыз.

Тэги: айлык акы Орусия Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу