Орусия менен Тажикстандын компаниялары 20дан ашык келишимге кол коюшту

03.03.2023, 10:09 Акчабар
Орусия менен Тажикстандын компаниялары 20дан ашык келишимге кол коюшту

Кечээ, 2-мартта Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Душанбе шаарына барды. Сапардын алкагында Орусия менен Тажикстандын компаниялары 20дан ашык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу "МИР 24" телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер абдан жигердүү өнүгүп жатканын белгилеген. 

“2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,5 миллиард доллардан ашты. Орусия биздин негизги стратегиялык өнөктөшүбүз. Орусия Тажикстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда. Маданий-гуманитардык байланыштар тынымсыз кеңейүү тенденциясына ээ. Биз коопсуздук тармагында тыгыз кызматташып келебиз. Тажик-орус мамилелерин өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орунду ээлейт”, - деди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 

Белгилей кетсек, аймактар аралык кызматташуу боюнча конференцияда Орусия менен Тажикстан энергетика, тоо-кен жана санарип технологияларын талкуулап, эки өлкөнүн ишкерлери 20дан ашык келишимге кол коюшкан. Алардын арасында кен байлыктарын изилдөө жана сурьманы биргелешип өндүрүү боюнча келишимдер бар.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу