Ош: Кара-Сууда коррупцияга шектелип үч мамкызматкер кармалды

01.10.2021, 14:50 Акчабар
Ош: Кара-Сууда коррупцияга шектелип үч мамкызматкер кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үч өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Нариман айыл аймагынын башчысы, анын шериги жана Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткарган адам кармалды.

Алар өз кызыкчылыгын көздөп Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатканы аныкталган.

Мамлекеттик кызматкерлер учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: коррупция мыйзам айыл өкмөт Кара-Суу УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу