Ошто бир күндө 10 миң медициналык беткап чыгарылууда

16.03.2020, 11:30 Акчабар
Ошто бир күндө 10 миң медициналык беткап чыгарылууда

Ошто медициналык беткап өндүрүлө баштады, күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 15-март күнү Ош шаарынын мэриясында жыйын болуп өтүп, ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышкан. Чогулушта базардагы жана дүкөндөрдөгү ундун баасынын жогорулашы каралган.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанболот Айбашов ун жана башка азык-түлүктүн баалары тууралуу маалымат берген.

«Ундун айланасында болгон жагдай жасалма түрдө жаралды. Кырдаал көзөмөлдөнүп жатат. Чек ара ачык, тынчсызданууга себеп жок. Биздин кызматкерлер баанын көтөрүлбөшү үчүн соода түйүндөрү жана ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», - деди ал.

Чогулушта мэр шаарда медициналык беткаптар чыгарыла баштаганын айтып өткөн.

«Монополияга каршы кызматка дары-дармектерге, анын ичинде беткаптардын бааларын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди. Ошто "Дастан-Юг" ишканасында медициналык беткаптар өндүрүлө баштады. Күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Айына 400 миң беткап болот. Ал эми жылына дээрлик 10 миллионго жетет. Алардын чыгарган беткаптарынын сапаты бардык талаптарга жооп берет. Башка тигүүчү ишканалар да медициналык беткаптарды чыгарууга сунуштарын айтып жатышат», - деди ал.

Тэги: Ош медициналык беткап 10 миң беткап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу