Ош облусунда 1-январга карата 734,8 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

10.02.2021, 15:20 Акчабар
Ош облусунда 1-январга карата 734,8 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо 8» долбоорунун алкагында Ош облусу боюнча 2021-жылдын 1-январына карата 734 млн 887 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыянын ичинен мал чарбасына 1 миң 399 жаран 617 млн 983 миң сом, талаачылыкка 111 жаран 46 млн 604 миң сом жана кайра иштетүү тармагына 22 жаран 70 млн 300 миң сомго насыя алган.

2020-жылы облус боюнча 48 млрд 127 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,1%ды түздү. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн экономикалык божомолу 104,8% аткарылды.

Ошондой эле облус боюнча 396 даана күнөскана түзүлүп, жалпы аянты 43 гектарды түзөт.

Ал эми тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2020-жылы 140 субъект 348 гектар жер аянтын иштетүүдө.

Тэги: Айыл чарбасын каржылоо 8 долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу