«Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи рейс менен 164 адам учту

21.02.2022, 13:30 Акчабар
«Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи рейс менен 164 адам учту

Бүгүн, 21-февралда "Ош" эл аралык аэропортунда "Шарджа-Ош-Шарджа" багыты боюнча биринчи каттам аткарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабралашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынан Шарджага биринчи каттам менен 164 жүргүнчү учуп кетсе, 10 адам учуп келди.

Каттамдар 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү болот.

Болжолдуу учуу убактысы 3,5 - 4 саатты түзөт.

Тэги: авиа каттам Ош Шарджа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу