Ош шаардык ооруканасы дары-дармектерди, реагенттерди жана СИЗ сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин жалпы суммасы 10 миллион 198 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, медициналык стерилдүү кол капка 1 миллион сомдон ашык каражат сарпталат.