Оштогу 11 аялдаманы кайра курууга 5 млн сомдон ашык акча керек

13.09.2021, 17:40 Акчабар
Оштогу 11 аялдаманы кайра курууга 5 млн сомдон ашык акча керек

Ош шаарындагы 11 аялдама кайра курууга муктаж. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришти.

Ош шаары боюнча жалпы 112 аялдама бар. Аларды курууга жана оңдоп түзөө үчүн каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

“Аялдамаларды оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен былтыркы жылы 1,5 миллион сом каражат бөлүнсө, быйыл оңдоп-түзөөгө 500 миң сом гана бөлүнгөн. Ал эми жаңы куруу үчүн ар бир аялдамага 450 милллион сомдун тегерегинде каражат кетет”, - деп билдирди муниципалдык менчик башкармалыгынын көрнөк-жарнак жана дизайн бөлүмүнүн башчысы Курстанбек Макиев.

Ал эми быйылкы жылы Ош шаарынын жарандарынан 11 аялдаманы кайрадан куруу үчүн арыздар келип түшкөн. Ага 5 миллион сомдон ашык каражат керектелет.

Тэги: аялдама курулуш мэрия Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу