Оштон Стамбулга жаңы авиакаттам ачылды

03.09.2021, 12:25 Акчабар
Оштон Стамбулга жаңы авиакаттам ачылды

Эми Оштон Түркиянын Стамбул шаарына түз каттам менен жетүүгө болот. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Стамбул-Ош-Стамбул" маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирет.

Жүргүнчүлөрдү ташууну Pegasus авиакомпаниясы жумасына үч ирет - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзөт.

Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.
 

Тэги: жаңы каттам аба майдан Стамбул Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу