Бүгүн 17-майда Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров менен салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев Кыргызстандагы фискалдык саясаттагы реформалар тууралуу айтып беришти.
- мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана фискалдык саясат боюнча чеимдерди кабыл алуу;
- мыйзамдарды жакшыртуу жана төлөм системасына өзгөртүү киргизүү;
-салык маданияттын калыптандыруу жана жеке адамдар менен катар мамлекеттик кызматкерлер арасында салык сабаттуулугун жогорулатуу.
«Электрондук эсептешүулөрду көбөйтү көмуско экономиканы сыртка чыгарып, бизнестин, салыктын ачык болушуна алып келет», – деп белгиледи министрдин орун басары.
Электрондук документтер 2019-жылы 1-июлда ишке кирип баштайт. Ал тууралуу маалыматтар Кыргыз өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылган.
Мындан тышкары Кадыров инвестиция тартуу үчүн экономиканы либералдаштырууга багытталган мызамдын кабыл алынышы тууралуу айтып берди. Экономиканы электрондоштуру дүйнөлүк рынокко жол ачып, жергиликтүү товарларды экспорто менен импорттун көлөмун көбөйтөт. Мындан тышкары киреше салыгы мурдагы 10% ордуна 3% кыскарат. Ал эми дивидентке салык 0% болуп, алынбайт. Жыйынтыгында салыктын суммасы $150 ($5 000 * 3%) кыскарып, азыркы мамлекетке төлөп жаткан салыктан алда канча төмөн болот.
- машина-трактордук станциялар (МТС) салыктан бошотулуп, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор (ТЛЦ) айыл-чарба кооперативдери (СХК) салыктан бошотулат;
- айыл чарба азыктарын кайра өндүрүү тармагы КНС 80% бошотулат.