Өзбекстан Баткенге 500 комплект коргонуучу каражаттарды жиберди

23.03.2020, 14:20 Акчабар
Өзбекстан Баткенге 500 комплект коргонуучу каражаттарды жиберди

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Баткен облусуна 500 даана атайын коргонуучу каражаттар алынып келинди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, комплекттин ичинде беткап, көз айнек жана костюм бар. Бул комплект формалар облустагы саламаттык сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.

Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынып келинет.

Белгилей кетсек, буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.

Учурда бул сыяктуу коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

 

Тэги: Баткен Өзбекстан 500 даана коргонуучу каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу