Өзбекстандын Борбордук банкы накталай акча колдонуудан баш тартууну сунуштайт

18.03.2020, 15:10 Акчабар
Өзбекстандын Борбордук банкы накталай акча колдонуудан баш тартууну сунуштайт

Өзбекстандын Борбордук банкы коронавирус жайылып жаткан шартта жарандарды накталай акча колдонууну болушунча азайтып, интернет-банкинг жана төлөм системаларын пайдаланууга чакырды.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму накталай акча колдонуу коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин жогорулатышы мүмкүндүгүн билдирген.

«Ошондуктан банк караталарын же электрондук төлөм формаларын колдонуу сунушталат. Төлөмдөрдү накталай акча колдонбой аткаруу — коопсуз болуп эсептелет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда ушу тапта 700гө жакын автоматташтырылган валюталык банкоматтар бар. Жакынкы күндөрү алардын санын 1000ден ашыруу пландалууда. Мындан тышкары жарандар аралыктан акча алмаштыруу операцияларын ишке ашыруу үчүн мобилдик тиркемелерди колдонушса болот.

Тэги: Өзбекстан накталай акча баш тартуу Борбордук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу