Өзбекстанга «ЕЭБдеги байкоочу мамлекет» статусу берилиши мүмкүн

07.09.2020, 10:00 Акчабар
Өзбекстанга «ЕЭБдеги байкоочу мамлекет» статусу берилиши мүмкүн

ЕЭКтин 4-сентябрда  өткөн жыйынында Өзбекстанга Евразия экономикалык бирлигине байкоочу мамлекет статусун берүү маселеси каралды. Жыйынтыктоочу чечимди бирликтин жетекчилери кабыл алат. 

Акыркы жылдары Өзбекстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте болгон эки тараптуу кызматташууну кеңейтти. 2016-жылдан 2019-жылга чейин бирликтеги мамлекеттер менен болгон жалпы соода жүгүртүүнүн көлөмү 60% же 8.4 млрд долларга чейин жогорулаган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 30%, айыл чарба продукциясынын экспорту 75% түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, президент  Шавкат Мирзиёев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин өкүлү Александр Лукашенкого Өзбекстанга ЕАЭБдин алкагындагы байкоочу мамлекет статусун берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. 

Тэги: Өзбекстан ЕАЭБ статус сунуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу