Өзбекстан элди электр энергия менен камсыздоонун 10 жылдык стратегиясын кабыл алды

05.05.2020, 12:40 Акчабар
Өзбекстан элди электр энергия менен камсыздоонун 10 жылдык стратегиясын кабыл алды

Өзбек өкмөтү «2020-2030-жылдарга Өзбекстан Республикасын электр энергиясы менен камсыздоонун консепциясын» бекитти. Өлкөнүн Энергетика министрлиги билдиргендей, стратегия эл аралык эксперттердин катышуусу менен иштелип чыккан.

Документ өлкө экономикасын жана калктын энергетикалык керектөөсүн канааттандыруу максатында бул тармакты түп тамырынан реформалоого багытталган.

Консепцияда энергоэффективдүү технологияларды колдонуу менен жаңы электр станцияларын куруу, эскилерин реконструкциялоо, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү, тариф саясатын жакшыртуу жана дүң рынокко өтүүнү камсыздоо каралган.

Документке ылайык, Өзбекстан 2030-жылы электр энергиясын өндүрүүнү 63,6 млрд кВт сааттан 120,8 кВт саатка чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Тэги: Өзбекстан Электр энергия стратегия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу