Өзбекстан коронавирус оорусу катталбаган 16 өлкөнүн катарына кирди

09.03.2020, 14:30 Акчабар
Өзбекстан коронавирус оорусу катталбаган 16 өлкөнүн катарына кирди

Британиялык The Telegraph газетасы коронавирус оорусу катталбаган, туристтер каттай турчу  16 өлкөнү тизмектеп чыккан. Ал тизмекке Өзбекстан мамлекети дагы кирген. Бул тууралуу CentralAsia порталы билдирди. 

«Бул Испания менен тең келе турчу укмуш кооз өлкө. Заманбап Өзбекстанда Улуу жибек жолунун үч улуу шаары жана Тянь-Шань тоо кыркасы бар», —  деп билдирген Telegraph Travelдин автору Сара Уилер.

Өзбекстан менен бирге коронавирус оорусу катталбаган туристтик өлкөлөрдүн катарына Аргентина, Намибия, Куба, Турция, Монголия, Мадагаскар, Перу, Мальдивы, Мальта, Лаос, Ботсвана, Южная Африка, Чили, Польша, Колумбия, Венгрия, Боливия жана Танзания өлкөлөрү дагы кирген. 

The Telegraph белгилегендей, аталган мамлекеттерде коронавирус оорусу катталган эмес жана саякаттай турчу кооз жерлери бар. 

Тэги: Өзбекстан коронавирус 16 өлкө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу