Өзбекстан Кыргызстанга эки жаңы оорукана салып берет

16.11.2020, 10:00 Акчабар
Өзбекстан Кыргызстанга эки жаңы оорукана салып берет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү өлкөгө Өзбекстандан дагы 400 атайын оорукана контейнери жана 3 миң тонна буудай жөнөтүлөөрү күтүлүүдө. Андан сырткары, Өзбекстандын колдоосу аркылуу эки жаңы мобилдик оорукананын курулушу башталат. 

Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрь күнү Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келген. 

«Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет», - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Өзбекстан Кыргызстан гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу