Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө 24 телевизор алып бара жаткан КР жараны кармалды

13.02.2020, 12:00 Акчабар
Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө 24 телевизор алып бара жаткан КР жараны кармалды

12-февраль күнү Баткен облусунда мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга телевизорлорду алып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, Кадамжай районунда Hyundai Porter айдаган Кыргызстандын 32 жаштагы жараны 24 телевизорду (тиешелүү документтери жок) көзөмөл-өткөрмө жайынан тышкары Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жана жүк Бажы кызматынан аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тэги: Өзбекстан мамлекет мыйзамсыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу