Доллардын сомго карата курсунун төмөндөшү күтүлүүдө

17.05.2021, 13:37 Акчабар
Доллардын сомго карата курсунун төмөндөшү күтүлүүдө

Акыркы жумада Кыргызстанда доллардын сомго карата курсунун төмөндөшү байкалды. 12-майда доллардын курсу 84,73 түзсө, бүгүн бир АКШ доллары 84,62 сомду түзүүдө. Ошентип, чен январь айынын ортосунда болгон деңгээлге түштү. “Акчабарга” бул көрүнүш эмнеге байланыштуу экендигин биржалык ассоциациялардын башчысы Думан Рыскулов түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда долларга болгон суроо-талаптын төмөндөшү байкалууда, бул доллардын сомго карата курсунун ылдыйлашына алып келет.

“Мындан тышкары, доллардын сомго карата таасирин тийгизген тышкы факторлор бар. Алардын бири акыркы мезгилде чыңдалган орус рубли. Бир айда доллардын/рублдин курсу 12% га төмөндөп, ага болгон суроо-талап төмөндөгөнүн белгилегим келет. Өз кезегинде Улуттук банк интервенцияларды өз убагында өткөрүп турат, бул өз жемишин берип жатат”, - деди ал.

 


 

 

 

 

Тэги: валютный прогноз курс доллара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу