Кыргызстандын ЕӨБ уставдык капиталындагы үлүшү 4,23%га өстү

17.01.2023, 10:17 Акчабар
Кыргызстандын ЕӨБ уставдык капиталындагы үлүшү 4,23%га өстү

Былтыркы жылдын 30-декабрында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) Кеңеши банктын уставдык капиталын мүчө мамлекеттер арасында кайра бөлүштүрүүнү бир добуштан жактырды. Банктын уставына ылайык, бул маселе боюнча добуш берүү үчүн кеңештин мүчөлөрү тиешелүү ыйгарым укуктарды жана (же) өкмөттөрдүн чечимдерин алышты.

Банктын төлөнгөн уставдык капиталындагы 321 миң 151 үлүштү түзгөн Россия Федерациясына тиешелүү акциялар пакетинин бир бөлүгү башка мүчө мамлекеттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт. Натыйжада Россиянын ЕӨБдагы үлүшү 65,98%дан 44,79%га чейин кыскарган.

Кайра бөлүштүрүүнүн натыйжасында ЕӨБнын төлөнгөн уставдык капиталындагы башка мүчө-мамлекеттердин үлүшү: Казакстан – 37,29%, Кыргызстан – 4,23%, Армения – 4,23%, Беларусия – 5,21%, Тажикстан – 4,26% түзөт.

Белгилеп кетсек, россиялык акцияларды кайра бөлүштүрүүгө чейин Кыргызстандын ЕӨБнын уставдык капиталындагы үлүшү 1%дан аз болгон.

Тэги: новости Кыргызстана экономика ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу