Пакистан Республикасы Саламаттык сактоо министрлигине кезектеги гуманитардык жардам көрсөттү. Жүк 5-декабрда келип түшкөнүн аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жардам коронавирус илдети мнен күрөшүү үчүн жиберилген. Дары-дармек жана медициналык каражаттын жалпы суммасы 18 миң долаар, колөмү болсо 1.2 тоннаны түздү.